Оор кылмышка шектелип Кыргыз мамлекети тарабынан издөөдө жүргөн адам башка ат менен Орусиянын абагында отурганы белгилүү болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Орусиянын прокуратура кызматкерлери Липецкий облусунда баңгизаттарын мыйзамсыз сатууга айыпталып абакта отурган жарандын аты-жөнү башка экенин такташкан. Чындыгында ал жарандын ысымы башка экени, ага Кыргыз мамлекетинин укук коргоо кызматкерлери тарабынан эл аралык издөө жарыяланганы белгилүү болгон.
Орусиянын Башкы прокуратурасынын чечими боюнча, кылмышкер коюлган жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Кыргыз мамлекетинин укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилет.
Аты-жөнү такталган адам Кыргыз мамлекетинде адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп издөөдө жүргөн.