"Forbes" журналы "Телеграм" мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровду миллиардерлердин катарына кошту

"Forbes" журналы "Телеграм" мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровду миллиардерлердин катарына кошту. Маалыматка караганда, анын байлыгы 1 миллиард 700 миллион доллардан ашкан.

"Телеграм" мессенжери 2013-жылы ишке кирген. Дуровдун айтымында, бүгүнкү күнү аталган мессенжерди 180 миллиондон ашык адам колдонот жана күнүнө 600дөн ашуун жаңы колдонуучу катталат. "Forbes" 2017-жылы Дуровдун байлыгын 950 миллион долларга баалаган болчу. Адистердин баамында анын байлыгынын өсүшүнө "Телеграмдын" колдонуучуларынын артышы себеп болгон.

Айта кетсек, Павел Дуров "ВКонтакте" социалдык тармагынын да негиздөөчүсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aishe
2018-02-20 10:55:44
Красавчик го
0
DAKS
2018-02-20 11:22:46
Алена Шишкованын жигити
+1
ady-88
2018-02-20 11:34:29
Биздин Бабанов Форбс журналы на Кирби беле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан