Орусиянын Ижевск шаарында эки өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирип, өз жанын кыйды

Орусиянын Ижевск шаарында эки өспүрүм кыз өз жанын кыйды. Маалыматка караганда, окуя 19-февраль күнү болгон. Анда эже-сиңди көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирип кетишкен. Учурда укук коргоо органдары эки өспүрүм кыздын өз жанын кыйышына эмне себеп болгонун иликтеп жатышат.

Айрым күбөлөрдүн билдиришинче, 12 жаштагы Мария жана 15 жаштагы Анастасия эже-сиңдилер. Мария жактырган жигити менен жолугуша баштаганын апасы билип калып текшерүү үчүн гинекологго алып барарын айтып урушкан.

Алар көп кабаттуу үйдүн чатырына чыккан соң акыркы жолу сүрөткө түшүп, видео тартып социалдык тармактарга жүктөшкөн. Өлүмгө эч кимдин тиешеси жоктугун айтып, кыздар жакындарынан кечирим сураган кат калтырышкан.

Ижевскиде эки кыз бийик имараттан боюн таштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zamka79
2018-02-20 13:08:08
Кудай сакта тооба кылдым
+2
muslim87
2018-02-20 14:33:50
Көк китти ойногон болушу мүмкүн деп эмнеге жазбайсыңар. Дача Суудан кийин кичине эле бирдеменин башы көрүнсө көк кит ойногон болушу мүмкүн деп жаттыңар элего же ал модадан калдыбы?
+1
Azatbek83
2018-02-20 15:58:40
muslim87,Дача Су Бир эле у жазылат!
+1
muslim87
2018-02-20 20:44:48
Azatbek83, катамды оңдогонуңуз үчүн Алла ыраазы болсун. Бирок атайын интернеттен издеп көрдүм сиз айткандан кийин. Дача Суу депда жазылыптыр Дача Су депда жазылыптыр, бирөк көбүрөөгү Дача Суу экен.
0
Aitunuk
2018-02-20 23:50:38
muslim87, туурасы - Дача СУ. "Дача Су" же "Дача-Суу" да эмес. ("Курулуш башкармалыгынын дачасы", же "Дачи строительного управления" - Дачи СУ).
0
engel
2018-02-20 14:34:29
Байкуш синдисин кошо ала кеттиби ошондо? Переходный возрастта абайлаш керек да ошон учун
+3
nurbekasr
2018-02-20 16:07:35
Көк кит оюну болушу мүмкүн болбосо антбейт эле.Элдин аң сезими өнүгө элек экен,былтыры көк кит десе жапа тырмак чоңдордон бери коркушуп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан