Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Восток айылында жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келинге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келинге 100-берене (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү) менен кылмыш иши козголду. Ымыркайдын өлүмүнө айыпталып жаткан келин учурда ден соолугуна байланыштуу Чүй облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө дарыланып жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, Аламүдүндө келин өзү төрөп, баланы баштыкка салып, дивандын астына катып койгондугу маалымдалган. Андан кийин ал дарыгерлерге дааратканада төрөп алдым деп билдиргендиги белгилүү болгон.