Чүйдө турак үйлөрдүн биринен ири суммадагы акча уурдоого шектелгендер кармалды

Чүйдө турак үйлөрдүн биринен ири суммадагы акча уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-февраль күнү Аламүдүн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Көк-Жар айылындагы үйлөрдүн биринде уурулук фактысы катталганы айтылган. Жер төлө аркылуу кирген кылмышкерлер 3-кабатка чыгып, сейфти талкалап, 122 миң доллар жана 450 миң сом уурдап кетишкен.

"Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Чүй ОИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери тарабынан кечээ, 19-февраль күнү аталган кылмышка шектүү деп Бишкек шаарынын 1998-жылы туулган тургуну К.И. кармалды. Кийинчерээк кылмышка шектүү катары К.И менен уурулукка чогуу баргандар - 1991-жылы туулган Д.В. жана 1994-жылы туулган А.Н. колго түшүрүлдү.

Кылмышка шектүүлөрдүн экөө Кара-Балтанын тургундары экени аныкталды. Алардын үйүн тинтүү учурунда 40 миң сом жана 20 миң доллар табылды.Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жарандардын мындан башка да уурулук иштерине тиешеси бар экени такталды. Учурда уурулукка шектелгендер Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери улантылууда", - деп билдиришти басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azatbek83
2018-02-20 22:46:08
Булар эмне болуп баратат?!Чон кызматта иштеп иштегендери бироосун эле мисал кылсак 50 квартирасы бар.Бул сосуноктордун кылган иши ушул!!!Орус экен деп сыйлап койсо кылган иштерин!Орусияда биз ошентейлик эмне кылаар эле!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан