Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан "КРнын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, 11-июнда үчүнчү окууда жактырылды. Демилгечилердин бири депутат Эльмира Жумалиеванын айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору өлкөлөр ортосундагы алакаларды арттырууга жана экстрадициялоо институтун бекемдөөгө, камакка алууга издөө салынган адамдарды экстрадициялоо чараларын ыраатташтырууга багытталган.
"Адамдарды экстрадициялоо, анын ичинде кылмышкерлерди издөө жана жоопкерчиликке тартуу маселеси эркин миграция жана башка өлкө жарандыгын алуу шартында көптөгөн кыйынчылыктарды жаратууда. Иш жүзүндө эл аралык келишимдер түзүлбөй, улуттук кылмыш-процесс жаатындагы мыйзамдар аркылуу жөнгө салынбай калган учурлар көп кездешет. Эл аралык деңгээлде издөө салынган адамдарды Кыргызстандын аймагында кармоонун, же анын тескерисинче, Кыргызстандын укук коргоо органдары издеген адамдын чет өлкөдө кармалышынын укуктук негиздери азырынча ачык бойдон калууда", - дейт депутат.