Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда депутат Тынчтык Шайназаров "Бишкек жылуулук тармагы" ААКсынын башкы инженери Михаил Кургановдун 50 батири бар экенин айтты. Жыйында аталган ишканага Европа реконструкция жана өнүгүү банкы тарабынан насыя берүү боюнча долбоор каралып жаткан.
Депутат Шайназаровдун айтымында, ал бул маселени бир жыл мурун көтөргөн, бирок жооп ала алган эмес. "Башкы инженериңер 50 батирге ээ болсо силер, албетте, чыгашалуу компания болосуңар. Жылуулук тармагына туташтыруу үчүн ал ар бир объекттен бир батир алып турат. Бул иш менен Кургановдун баласына таандык компания алектенет", - деп "Бишкек жылуулук тармагынын" башкы директору Эркин Абдыкалыковго кайрылып айтты Шайназаров.
Абдыкалыков жооп бергендей, бул боюнча Экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекция текшерүү жүргүзгөнүн жана мындай факт аныкталбаганын айтты.
"Бишкек жылуулук тармагынын" расмий сайтына таянсак, учурда Михаил Курганов бул компаниянын башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары кызматын ээлейт.