УКМК социалдык тармактагы кыргыз тилинде сүйлөшүүгө чакырган билдирүү боюнча териштирүүдө

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактагы кыргыз тилинде сүйлөшүүгө чакырган билдирүү боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 18-февралда Фейсбукта кыргыз тилинде гана сүйлөшөбүз деген билдирүү тараган. Айрым интернет колдонуучулар мындай билдирүүнү төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жазган деген пикирлерин жазышып, билдирүү менен бөлүшө башташкан.

Анда: "Кыргыз өлкөсүнүн бардык шаарларында, дүкөндөрдө, автобус, маршруткада, көчөдө орусча сүйлөгөн адамга кыргызча жооп берүү башталды. Кандай улут болбосун кыргызча жооп кайтарабыз жана сатуучу кыргызча сүйлөбөсө ал жерден соода кылуудан баш тартабыз. Намыстуу бололу, кыргыздар. Тараткыла баарына!" - деген билдирүү тараган.

Аталган билдирүү менен 3 миңден ашуун адам бөлүшүп, миңден ашуун адам "жакты" белгисин баскан. Азыркы тапта расмий орус тилинен баш тартып кыргыз тилинде гана сүйлөөгө чакырган акция социалдык тармактарда кеңири жайылууда.

Бул билдирүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесинин 3 пунктуна (Кыргыз Республикасы Кыргыз өлкөсүнүн элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет) каршы келерин айрым интернет колдонуучулар жазып чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (55)
Too-tash
2018-02-20 22:49:05
Биринчиден биз Кыргызстанда жашап жаткан сон, экинчиден кыргыз болгон сон озубузду сыйлап, кыргыз тилинде суйлойлу!!! Эмнеге биз орус, дунган, кореец же озбектерге орус же озбек тилинде кайрылышыбыз керек?!! Эмнеге алардын укугу укук да, бизлин укук ар дайым тебеленип келет?!!

Кыргызстанда жашап жаткан сон кыргызына да, киргизине да, орус, кореец, дунган, озбегине да кыргызча кайрылгыла. Ал эми алар силерге кыргызча жооп кайтарабы же орусча кайрылабы, алардын эрки...
+11
Firdaus-Muslim
2018-02-20 22:51:12
Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт.
Ар бир улут тили менен улут.
Чындыгында Кыргыз тилибизде сүйлөгөнгө аракет кылайлы. Ансыз деле аралашып кетти жарымы орусча жарымы кыргызча болуп.
+6
aydinnur
2018-02-20 23:34:42
Маанисин алып караганда Жеңишбектин жазгандары(эгер чындап эле өзү жазса, бирок ал өзү жазганына ишенбейм,20-жылдан берки таанышым катары) Анткени барагында дешти деп сарказм аралаш жазылып турган, бүгүн өчүрүп салыптыр барагы менен кошо ((Кашайып мыйзам деген бар да, ага карата туура эмес болуп калат.. Трофимов деген бир нацисттин 4-жылга соттолуп кеткенин уктуңар беле?Ошон үчүн жарма патриот болбой,тилек кылалы,мен айткандай болуп чыкса экен,ал жазбаган болсо экен деп..
-5
BekAmir
2018-02-21 00:19:53
Мен дагы Кыргыз тил онугушун колдойм
+5
zevs
2018-02-21 00:24:16
teriwtirgeni echteke jokko dep oyloym. sebebi bular dele oz tilin kyrgyz tilin korgop jatat negizinen alyp karaganda miyzamga tuura kelse kerek.
+3
Kamchy-bek
2018-02-21 02:16:45
Текшер, текшер, аны мен жөнөткөм
+3
Derzki_kyrgyz
2018-02-21 03:54:48
Улут болсом тилим менен улутмун, улук болсом тилим менен улукмун
+4
ashamkan
2018-02-21 08:20:47
Эртен УКМК комментарий жазгандарды териштирет
+4
nurbekasr
2018-02-21 08:26:12
УКМК эмнегедир майдачыл болуп кеттиңер,уят деген барбы силерде.Эми Кыргызстанда жүрүп кыргызча сүйлөбөй калабызбы.Силердин ишиңер коопсуздукту башка жол менен күрөшкүлө тынч эле Кыргыз жарандарга Кыргызча сүйлөгөн үчүн асылбай.Кыргызстандын коопсуздугу үчүн башка мамлекеттик деңгээлде иш кылгыла.
+4
nurbekasr
2018-02-21 08:29:10
УКМК кыйын болсоңор ЖЭБге бөлүнгөн 386 млн долларды ким жегенин тапкылачы,ошону тапсаңар эркек экен азамат деген баа берем.Же бул азыркы тил боюнча териштүрүүңөр ЖЭБден элди алаксытуубу,коммиссиянын жыйынтыгын көрүп.
+9
Leilektik
2018-02-21 09:04:11
Акцияны бирдей жургузгуло ошондо эчнерсе кылышалбайт
+6
arena2014
2018-02-21 10:03:09
Кыргыз тилин онуктурууго канчалаган милиондорду жумшап эч кандай майнап чыкпай келет. Эми кыргыздар ушундай жол менен онуктуролу десек буга тыюу салсанар эмне кылалы???
+2
ruslan_92kg
2018-02-21 11:34:54
Эмне болот эне тилин кыргыз тилиби кыргызча эле суйлода. Эмнеге каршы келет кыргызча суйло кыргызча жооп бер деп эле туратго же эмне орусту, кытайды, немецти кыргызча суйлоткун деп турабы
0
bekub1473kg
2018-02-21 12:25:23
Озбектеде биздикилер озбекче суйлшот тушунбой кала тургансып ош базарда журсом бир озбек озбекче суйлоп журот жиним келип кетти озбекистанга отуп калсак биз озбекче суйлойбуз
0
bekub1473kg
2018-02-21 16:07:23
Бирок мен масквада журсомда кыргыздар мн кыргызча эле суйлошом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан