Бүгүн, 20-февраль күнү Бишкек шаарындагы Ак-Ордо жаңы конушунда эки унаанын катышуусунда кырсык катталып, эки өспүрүм жабыр тарткан. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен саат 9:50 чамасында Ак-Ордо конушунда Өмүрзаков көчөсү менен батышты карай С.Н. аттуу жаран башкарып бараткан Хонда Аккорд унаасы менен И.Д. аттуу жаран айдап бараткан Субару Легаси унаасы сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Хонда Аккорддун ичиндеги 6 жана 9 жаштагы өспүрүм кыздар жаракат алган. Кыздар Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жеткирилген.
9 жаштагы кыздын баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. 6 жашар кыздын денеси сыйрылып, көгөрүп, жеңил жаракат алган.
Кырсык болгон жерден тийиштүү документтер чогултулуп, кырсыкка күнөөлүү тарапты тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.