Бүгүн, 20-февралда Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринде газ баллон жарылып, төрт адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматты SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы да тастыктады.
Маалыматка караганда, жаракат алгандар - 23 жаштагы В.А., 24 жаштагы П.Р. жана Т.М., 37 жаштагы С.Ж. аттуу Кыргыз мамлекетинин жана Өзбекстандын тургундары.
"Алар Кочкор-Ата шаардык ооруканага жеткирилген, бирөөсүнүн абалы оор, калган үч адамдын абалы канааттандырарлык экени аныкталды. Оор жаракат алган адам Ош шаардык ооруканасына которулуп, калган үчөө Кочкор-Ата шаардык ооруканасында дарыланууда", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.