Бүгүн, 12-июнда ЖКнын жыйынында вице-спикерликке Чолпон Султанбекованын талапкерлиги каралды. Жыйынтыгында бул сунуш добушка коюлуп, "республикачы" Чолпон Султанбекова вице-спикер болуп дайындалды. 111 депутаттын 89у макул болуп, 9 депутат каршы добуш берди. Эске сала кетсек, 6-июнда вице-спикер Бакыт Төрөбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.