Бүгүн, 12-июндагы ЖКнын жыйынында депутаттар 2012-жылы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө акыйкатчынын бир жылдык отчётун карабоону чечишти. Акыйкатчынын “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар же жок экендигин иликтөөчү депутаттык комиссия өз ишин баштагандыгына байланыштуу отчёт угуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды.