“Кубат Оторбаев кетмейинче КТРК оңолбойт”,- деди бүгүн, 12-июнда ЖКнын жыйынында аталган телеканалдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Мыктыбек Арстанбек. "Дикторлорго жаңы кийим кийгизип койсо эле КТРК оңолуп кетпейт. Телеканалдын ичи интригага толгон. Кубат мырза башка ишке кетишин күтүп жатабыз, эгерде ал телеканалдын жетекчилигинен өз каалоосу менен кетпесе, анда тиешелүү мыйзамдар каралган. Ал кетпесе, мен Байкоочу кеңештен кетем, менин да кашыктап жыйнаган аброюм бар”,- деди Мыктыбек Арстанбек.