"26-январда ЖЭБде болгон авариядан улам үй, батир, кеңселердеги 575 жылуулук батареялары бузулган. Бул тууралуу 21-февралда өткөн маалымат жыйында "Бишкек жылуулук тармагы" ААКнын Үй ичиндеги жылуулук жабдуу системдери башкармалыгынын башчысы Павел Рыбалкин билдирди.
“Алардын баары эскирип калган. Көпчүлүк үйлөрдө, батирлерде, кеңселерде жана башка мекемелерде ушундай көрүнүш. 575тин ичинен 92си жараксыз абалга келген”, - дейт Рыбалкин.
“Бишкек жылуулук тармактын” директорунун коммерциялык иштери боюнча орун басары Нурлан Кайдуев жылуулуктун баасы эмне үчүн кымбат болгонун мындайча түшүндүрдү: “2017-жылдын январында суук -15 градус болгон, 2018-жылдын январь айындагы суук -6,2 градус болду, ушуга байланыштуу төлөм көп чыкты. Себеби канчалык суук катуу болсо ошончолук жылуулукка болгон чыгым көп колдонулуп, көмүр, мазут жана башка каражаттар көп колдонулат”, - деди ал.
Мекеме январь айынын акыркы беш күнүндө 54 миллион сом чыгымга учураган. Ал эми февраль айындагы эки күндө канча чыгаша тартканы эсептелинип жатканын ААКнын Баланс жана анализ бөлүмүнүн башчысы Аида Абасбекова айтты.