"Улуттук энергетикалык холдинг": "Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал чечилгенден кийин Өзбекстанга электр энергиясы экспорттоло баштайт"

Бишкек ЖЭБиндеги кырдаал чечилгенден кийин Өзбекстанга электр энергиясы экспорттоло баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясынын жетекчисинин биринчи орун басары Нурлан Садыков брифингде билдирди.

Кыргыз өлкөсү суукка байланыштуу 26-январдан тартып Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону токтоткон.

“2017-жылы декабрь айындагы макулдашууга ылайык, электр энергиясы Өзбекстанга экспорттолуп келет. Коңшу мамлекет менен суукка байланыштуу электр энергияны экспорттоону токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр болгон”, - деди ал.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн. Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
RusMos76
2018-01-29 17:49:36
Жаз келгенде эле баштагыла, озунорду эптей албай жатып экспортту суйлобой эле койгула да!
+3
MUHLISA
2018-01-29 20:02:12
Дагы кандай оюнуңар эле ...
0
Nurtilek001
2018-01-29 20:09:49
Экспорттогонду коюп алгач мамлекеттин озун толук камсыздап,бааны которбой томондоткуло,тойбостор акырындан эле бааны жогорулатып баратасынар озубуздон чыксадагы,экспорттогон менен ал каражат толук турдо казынага тушпойт анын канча бир пайызын жейсинер бок курсактар! иштей албасанар ордунарды бошотуп жоголгула ичип жеп эле отура бербей!
+2
love_you
2018-01-30 07:44:29
атанардын чокусу!!!! экспортту коюп озубузду нормально камсыздап алгылачы. сатканга эле шашып турушат экен, же акчасы корунбойт. кымбаттаганы кымбаттаган, айлык пенсия азайганы азайган. же кыргыздарды робот коросунорбу???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан