Калктан түшкөн арыздардын негизинде Мамлекеттик каттоо кызматынын бир катар кызматкерлерине чара көрүлдү

Мамлекеттик каттоо кызматынын аймактардагы айрым бөлүм башчылары жана катардагы бир катар кызматкерлери коррупциялык иштерге жана калкка кызмат көрсөтүүдө одоно мыйзам бузууларга жол беришкен. Мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун SUPER.KG'ге билдиришинче, Каттоо кызматы элден түшкөн арыздардын, маалымат каражаттарына чыккан маалыматтардын негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүп, катачылыктары үчүн айрымдарын жумуштан кетирип, кээ бирине катуу сөгүш берди.

Маалым болгондой, Өзгөн районундагы паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы, Талас районундагы жана Талас шаарындагы паспорт берүү жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулган.

"Жайыл районундагы бөлүм башчы кызматынан төмөндөтүлдү. Андан сырткары Ысык-Көл жана Кара-Кулжа райондорундагы бөлүм башчыларга сөгүш жарыяланып, Каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин, "Кыргыз почтасынын" жана "Инфоком" ишканаларынын бир катар кызматкерлери тартиптик негизде жоопко тартылды", - дейт Эржигитов.

Ал белгилегендей, аларга юридикалык баа берилүү үчүн чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Өлкө аймагында 363 маалыматтык киоска, 58 жарандын абалдык актыларын каттоо (ЗАГС) жана 22 калкты тейлөө борборлору бар.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан