2013-жылдын январь айынан бери өлкөдө чогултулган салыктын суммасы 15 миллиард сомго жакындады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев бүгүн, 12-июнда маалымат жыйында билдирди. “Ушул жылдын 5 ай аралыгында чогулган салык жана төлөмдөрдүн суммасы 14 миллиард 848,1 миллион сом же пландалган сумманын 99,3 пайызын түздү”,- дейт Масалиев. Айтымында, “Кумтөрдөн” түшкөн салыкты эсепке албаганда бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 489,3 миллион сомго өскөн.