Аталышы: “Дүйнөнүн бардык акчалары” (“Все деньги мира”);
Чыккан жылы: 2017-жыл, 25-декабрь;
Режиссёр: Ридли Скотт;
Ролдордо: Кристофер Пламмер, Мишель Уильямс, Марк Уолберг, Чарли Пламмер;
Сарпталган каражат: 50 миллион доллар;
“Дүйнөнүн бардык акчалары”: Байлар дагы ыйлашат.
1973-жылы тарыхтагы эң бай адамдардын бири болгон Пол Геттинин өспүрүм небересин белгисиз адамдар акча талап кылуу максатында уурдап кетишет. Алар миллиардерден небереси үчүн 17 миллион доллар талап кылат. Бирок дүйнөдөгү эң бай гана эмес, эң сараң адам болгон Гетти небереси үчүн акча берүүгө шашылбайт. Чыныгы окуянын негизинде тартылып, 2017-жылдын аягында жарык көргөн жана “Оскар” сыйлыгынын 2018-жылкы талапкерлеринин катарын толуктаган “Дүйнөнүн бардык акчалары” тасмасы кечээ, 21-февралда Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүндө эң алгачкылардан болуп тар чөйрөгө көрсөтүлдү. Бүгүн фильм жалпы кино сүйүүчүлөрдүн назарына коюлат.
“Байып кетүү оңой, бирок бай бойдон калуу кыйын”
Интернетте тараган тасманын жарнамаларында, трейлеринде Марк Уолберг (тасмада Флетчер Чейз) жана Мишель Уильямстын (тасмада Гейл Гетти) сүрөттөрү жана эпизоддору көп кездешет, ошол себептен көрүүчүлөрдө башкы каармандар тууралуу жаңылыштык ой пайда болушу мүмкүн. Тасманын чыныгы көмүскөдө калган башкы каарманы - бул Кристофер Пламмер (тасмада Пол Гетти). Негизги сюжетте дал ушул каармандын көз карашы, ой жүгүртүүсү, акчага, адамдарга кылган мамилеси сүрөттөлгөн. Кичинекейинен жанында жүргөн небересин белгисиз адамдар уурдап кеткендиги тууралуу жаңылыкты катардагы көрүнүш катары кабыл алып, кандайдыр бир иш-аракеттерди көрүүгө шашылбаган бай чалдын образын көрүүчүлөр тасманын биринчи мүнөттөрүнөн тартып эле жаман көрүп калуусу мүмкүн, бирок бул убактылуу гана. Дүйнөгө өзүнүн байлыгы менен гана эмес, сараңдыгы менен таанымал болгон абышканын журналисттердин небереси тууралуу берген суроосуна “Менин 14 неберем бар, эгерде уурдалган бир неберем үчүн акча берип койсом, эртең 13 неберемди тең уурдап кетишпейби. Ошол себептен бир тыйын да бербейм” деген жообу Геттини окуяны алдын-ала көрө билген, эмоцияга алдырбай ар бир маселени токтоолук менен чечкен, сезимдерге алдырбаган адам катары сүрөттөйт. Тасмада диалог аз, бирок ар бир таамай айтылган сөз өзүнүн терең мааниси менен өзгөчөлөнөт.
“Жакындарың ишеничти актабайт, ал эми кымбат буюмдар дайыма сенин жаныңда...”
Дал ушундай ойду карманган Пол Геттинин сөздөрүндө терең маани камтылгандай. Миллиарддаган акчасы туруп бир да тыйынды кайрымдуулукка жумшабаган абышка тарыхый, антиквариат буюмдарды сатып алууда акчасын эч аяган эмес. Эмне себептен ал мындай адам болуп калган? Анын мындай адамга айлануусуна акча себеп болгонбу же ал башынан эле ушундай сараң беле? Тилекке каршы, бул суроолорго тасмадан жооп табууга мүмкүн эмес. Бирок буга карабай Геттинин канчалык деңгээлде сараң экендигин анын үйүнө акча төлөп чалуучу телефонду коноктор өздөрүнүн акчасын төлөп, анан чалсын деп койдуруп койгону толугу менен так, даана ачып берген. Пол Геттинин ордуна режиссёр, белгилүү актёр Кевин Спейсини тартууну туура көргөн, бирок аны акыркы мезгилдерде Голливудда бир нече актрисаларга сексуалдык зомбулук көрсөткөн деген айыптоолордон улам режиссёр өзүнүн оюнан кайткан. Балким, бул туура чечим болгон, анткени Спейсинин жаш курагы Геттиникинен жаш болуп калмак, ал эми Пламмердин жаш курагы туура келгендиктен ага эч кандай грим колдонуу талап кылынган эмес.
Сезимдерге “суусаган” көрүүчүлөр
Бул тасмада Голливуд тасмаларына таандык баш айланткан сүйүү сезимдери орун алган эмес. Балким, дал ушул себептен 2 сааттан ашык убакытка созулган тасманын узундугу көрөрманга сезилет. Тасмада баласын белгисиз адамдар уурдап кеткен Гейл Гетти көрүүчүлөрдү өзү менен кошо азап тарттырып, кайгырта алган эмес. Жадакалса баласын уурдап кеткен кылмышкерлер анын бир кулагын кесип, кат менен кошо жиберген эпизоддо да ал көрүүчүлөрдүн сезимдерин ойгото алган жок. Флетчер Чейз Пол Геттинин буйругу менен Гейл Геттиге баласын издөөгө жардам бере баштагандан тартып, экөөнүн мамилеси өнүгүп ортосунда кандайдыр бир сезимдер пайда болобу деген күтүү сезими да акталган жок. Бул эки адам кинонун башынан тартып аягына чейин чогуу болсо да режиссёр эч кандай сезимдерди жаратпоону чечкен өңдөнөт. Буга карабастан көпчүлүктүн сүйүктүү актёруна айланган Малк Уолберг өзүнүн образын жогорку деңгээлде ачып, өзү көнүп калгандай эле мурдагы коопсуздук кызматында иштеген адамдын ролун мыкты жарата алган.
Көрөрмандын эркине коюлган чечим
Тасманын аягында титрга “тасма драмалуу болуш үчүн чыныгы окуянын кээ бир учурларына боёк берилген” деген жазуу кеткенине карабастан, фильмди көрүп бүткөн соң Пол Геттинин жашоосунун белгилүү бир көз ирмемдери тууралуу даректүү тасма көргөндөй сезим калат. Дал ушунусу менен кино режиссёрдун башка эмгектеринен айырмаланып турат. Анткени Голливуд тасмаларынан көрүүгө көнүп калган эч кандай алаксытуучу, негизги сюжеттен эс алдыруучу эффектилер колдонулган эмес. Дагы бир өзгөчөлүк тасманын аягы кандайдыр бир ойду жыйынтыктабайт. Ар бир көрүүчүгө өзүнүн чечимин чыгарып, тасманы каалагандай кылып бүтүрүп алууга мүмкүнчүлүк берилген.
Жалпысынан убакытты бөлүп, акча сиздин жашооңузда кандай орунга ээ экендиги тууралуу ойлонуп, көрүп келүүгө татыктуу тасма.