2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 100дөн 29 упай алып 135-орунду ээледи. Бул тууралуу Эл аралык "Transparency International" уюмунун чыгарган жыйынтыгында маалымдалат. Анда айтылгандай, 2016-жылга карата чыгарылган жыйынтыкта Кыргыз мамлекети 136-позицияда болсо, 2017-жылы бир тепкичке айырмаланган.
Ал эми рейтинг боюнча биринчи орунга мурдагы жылдардай эле Жаңы Зеландия (89 балл), экинчи орунга Дания (88 балл), үчүнчү орунга Финляндия, Швейцария жана Норвегия турган (85 балл). Акыркы орунга Сирия (14 балл), Түштүк Судан (12 балл) жана Сомали жазылган (9 балл).
Коңшу мамлекеттердин ичинен рейтингде Өзбекстан 157, Тажикстан 161, Казакстан 122-орунда тизилсе, Орусия Кыргыз мамлекети менен бирге 135-орунда.