Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 500 даана таштанды салуучу челек коюлат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 12-июнда билдирди. “Тазалык” ишканасы шаардын тазалыгын сактоо үчүн учурда андай челектерди орнотууда. Чүй проспектине 100 таштанды таштоочу челек орнотулду.