ӨКМ: "Өлкөдө сел жүрүү коркунучу жогору"

Алдыдагы 3 ай аралыгында Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу жогору болот. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин статс-катчысы Таалайбек Темиралиев 12-июнда өткөн тегерек столдо билдирди. Айтымында, мөңгүлөрдүн эришинен улам суунун деңгээли көтөрүлүп, сел каптоо коркунучу күчөшү мүмкүн. “Тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел каптоонун алдын алуу үчүн ӨКМ болгон күчүн жумшайт. Азыртадан эле жаңы дамбалар коюлуп, арыктар тазаланууда. Биз кандай учур болбосун ыкчам чара көрүүгө даярбыз”,- деди Темиралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан