Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстан эми Кытай менен Казакстанга жайы-кышы электр энергиясын сатат”

Кытайдын төрагасынын Кыргызстанга боло турган иш сапарында Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу тууралуу меморандумга кол коюлат. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 12-июнда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Өлкө башчы Кыргызстан толугу менен энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, электр энергиясын ири экспорттоочу мамлекетке айланарын белгилеп өттү. “Кемин - Алматы электр чубалгыларын куруу тууралуу келишим бар, Кытайга чубалгы тартылат. Кыргызстан эми Кытай менен Казакстанга жайы-кышы электр энергиясын сатат”,- деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан