Миландагы мода жумалыгы: Адамдын башынын элесин берген сумкалардан тартып, эркектердин жоолуктарына чейин

Миланда өткөн мода жумалыгында эң көп күтүлгөн көргөзмөлөрдүн бири - бул "Gucci" мода үйү тартуулаган кийимдер коллекциясы болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, мода үйүнүн креативдүү жетекчиси Алессандро Микеленин фантазиясын жакшы билген мода сүйүүчүлөрү бул жолу да өзгөчө, кайталангыс образдарды күтүшкөн. Көпчүлүк күткөндөй эле "Gucci" көрүүчүлөрдү таң калтыра алды. Көргөзмө аталган мода үйүнүн башкы кеңсесинде өтүп, ал жак убактылуу ооруканага айлангандай болгонун чет элдик басылмалар жазышты. Башкача айтканда, көрүүчүлөр ооруканадагыдай желим отургучтарга отургузулуп, атайын шам чырактар орнотулган.

Андан соң адамдын башынан жасалгандай элес калтырган сумкалар, ачык түстөрдөн тигилген кийимдер, өзгөчө баш кийимдер жана жаңылык болгон чапандар көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырып, адамдын фантазиясына жана чыгармачылыгына чек жок экендигин дагы бир жолу далилдеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Janylai2012
2018-02-22 15:03:09
Ушунун эмнеси мода.жеомогуздай болуп
+15
Azatbek83
2018-02-22 15:10:21
Динге каршы чыккандарга жагат!
+4
Jojosh
2018-02-22 15:11:51
Мен мындай модалуу кийимдерди жон эле козуду жумуп отуруп тикмекмин
+6
aizush
2018-02-22 15:14:25
Огоо
0
Paol
2018-02-22 15:14:46
Яя кокуй чык эшике
+3
Aidani
2018-02-22 15:46:13
Биздин мырзалар алдыгынтип кийинип алса олду го
+3
Mederbek0811
2018-02-22 15:46:30
Адамдын конулун гана айлантышат да. Мода деп кайдагы албарстыдай болуп корунушуп.
+10
ayka91
2018-02-22 16:00:22
Пфф Cucci. Муну Эми эч кийбейт да э? (же педиктер кийеби?) Неси болсо да табити жоктор кийет. Баасы дагы асмандын башы болуш керек.
0
Guldoijan
2018-02-22 16:04:59
Ушундай сумка көтөрүп алдымдан чыкса жүрөгүм түшүп калмак.Кудай сактасын
+7
vavilon.
2018-02-22 16:10:54
Баары узун кийип бетин да жаап кийинишиптир. Озго жат эркектерден сактайт да бул да. Хижапка окшоп.
-1
AKCAHAT
2018-02-22 17:32:27
Негизи аксессуарлары мн кошулуп кийилбейт, негизи койногу же сумкасы сатууга койулат.Кошумча нерселери жон гана кооздук деталь катарында эле. Быйыл деле яркий принт мн вышивка мода окшойт
+1
Baku88
2018-02-22 19:28:58
Олушот экен эми
0
NURSAPAR
2018-02-22 21:22:20
Дебилизм.....
+2
Guldoijan
2018-02-23 00:50:16
Бул кайран гучи мусулмандарды дагы башкаларды дагы кийиндирем деген го
0
admin_superstan
2018-02-23 13:31:18
century, этика нормаларын сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан