Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту угулду

ЖКнын 12-июндагы жыйынында “Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин бир жылдык отчёту жөнүндө” маселе каралды. Байкоочу кеңештин төрагасы Фархат Бекманбетов бир жыл ичинде КТРКнын өнүгүү стратегиясын кабыл алгандыгын, телеканалга техникалык аудит, каржылык аудит жүргүзүлгөндүгүн, мекеменин өндүрүш процессине комиссиялык топ түзүлүп, текшерип чыккандыгын тизмектеди. Талкууда депутаттар телеканалдагы бир катар жетишкендиктерин белгилеп, кетирилип жаткан кемчиликтеринин себептерин тактоо менен бирге бир катар сунуштарды беришти. Жыйынтыгында Байкоочу кеңештин бир жылдык отчётун эске алуу чечимин кабыл алып, КТРКны өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу чараларын көзөмөлдөө Байкоочу кеңешке тапшырылды. Мындан сырткары эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштар Байкоочу кеңеш тарабынан эске алынмай болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан