Төрага Асылбек Жээнбеков Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкинди мамлекеттик майрамы – Орусия күнү менен куттуктады. Куттуктоодо “Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан сизди жана жалпы депутаттарды мамлекеттик майрамы – Орусия күнү менен куттуктайм. Кыргызстандыктар бир тууган орус элинин жетишкендиктерине чын дилинен кубанат. Орусия ыкчам өнүгүп, көп кырдуу мүмкүнчүлүгүн бекемдеп жатат. Эки тараптуу мамилелердин, ошондой эле парламенттер аралык байланыштардын жогорку деңгээлин канагаттануу менен белгилегим келет. Сизге чың денсоолук, жоопкерчиликтүү ишиңизде ийгиликтерди, ал эми боордош Орусиянын элине бакубат турмуш жана өсүп-өнүгүү каалайм”,- деп жазылган.