Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылындагы "Кылыч-Буркан" көрүстөнүнүн жанында 5 баласы менен жашап жаткан Гүлжахан Атажонованын Ош шаарында үйү бар. Бул тууралуу 22-февралда Акыйкатчы институтунан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, Ош шаарында ага атасы калтырып кеткен үй бар.
Акыйкатчы институтунун Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине Атажонова ал жерди өзүнө каттатып алууну максат кылганын ачык билдирди жана айыл өкмөттүн жетекчилигинен жашап жаткан жерди анын атына өткөрүп берүүнү талап кылды. Бирок Ош шаарында ага атасы калтырып кеткен эки бөлмөлүү үйү бар экендиги, ал үйдө каттоодо тургандыгы аныкталды. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери көрсөтүлгөн даректеги үйгө барып көрүп келишти. Үйдө эч ким жашабайт экен", - деп билдиришти институттун маалымат кызматынан.
Ал эми Атажонова өз убагында каттоо кызматына кайрылбагандыктан өзүнүн паспорту жана балдарынын күбөлүктөрү жок болгон. Мындан улам жергиликтүү бийлик тарабынан анын документ алуусуна, жашоо-шартынын жакшыруусуна жардам бериле тургандыгы айтылды.