Эл аралык өнүгүү ассоциациясы мугалимдерди кайра даярдоого гранттык каражат бөлүүдө

Бүгүн, 12-июнда ЖКнын жыйынында Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын жана Кыргызстандын ортосундагы READ (Орусия программасынын Траст Фондунун билим берүүнү өркүндөтүү максатындагы гранты) долбоорунун ишин баштоо жөнүндө макулдашуу катынын долбоору талкууланып, келишимди 3 окууда ратификациялоо чечими кабыл алынды. Келишимге ылайык, Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстанга 1 миллион 200 миң доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, ал каражат толугу менен билим берүү академиясы аркылуу мугалимдерди адистик кайра даярдоодон өткөрүүгө жумшалмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан