Бишкекте жүргүнчү ташыган 25 кичи автобус каттамдан четтетилди

3-июндан 7-июнга чейин техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 25 кичи автобус кемчиликтерин жойгонго чейин жүргүнчүлөрдү ташуу укугунан ажыратылды. Бул иштер мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, кичи автобустардын санитардык жана техникалык абалын жакшыртуу боюнча ар дайым иш жүргүзүлүп турат. Мындан сырткары жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты жаатында да текшерүүлөр болууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан