Талас. Облуста КРнын Өрткө каршы күрөшүү кызматынын 87 жылдыгына арналган жыйын болот

15-июнда Кыргызстандын Өрткө каршы күрөшүү кызматына 87 жыл толот. Буга байланыштуу 14-июнда Талас облустук Өрткө каршы күрөшүү башкармалыгында салтанаттуу жыйын болот. Башкармалыктын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн улук инспектору У.Тамабаев билдиргендей, жыйынга өрткө каршы кызматтын ардагерлери чакырылып, аны менен бирге учурда кызмат өтөп жаткандарга да мактоо баракчалары менен кошо акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы.

Эскерте кетсек, Талас облусунда өрткө каршы күрөшүү кызматы алгачкы жолу 1945-жылы 8 кишинин курамы менен түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан