Бишкек шаарындагы түнкү клубдардын биринде төшүн жылаңачтаганы үчүн камакка алынган украиналык ди-джей Юлия Михайлова ооруканага түштү. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бир саат мурун жүрөгүм кармап, ооруканага түшүп калдым. Азыр баары жакшы, сарсанаа болбоңуздар. Жакында байланышка чыгам", - деген билдирүү жазган.
Ошондой эле ал ооруканага акыркы окуяларга байланыштуу түшүп калганын айтып, баарына колдоо үчүн ыраазычылык билдирген.
Айта кетсек, түнкү клубдардын биринде төшүн жылаңачтаган ди-джей тартип сакчылары тарабынан камакка алынган. Бирок ди-джей Юлия Михайлованын жактоочулары Биринчи Май райондук сотунун аны 5 күнгө камакка алуу чечимин карап чыгуу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ди-джей бошотулган.