Кышкы Олимпиада оюндары: 15 жаштагы орусиялык муз үстүндөгү бийчи командасына алгачкы алтын медалды алып келди

Бүгүн, 23-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 7 түрүнөн мелдештер өтүп, 5 түр боюнча медалдар ойнотулууда. Учурда муз үстүндө бийлөө боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Кыз-келиндер арасында өткөн мелдеште бул күнү спортчулар эркин программасын көрсөтүштү. Анда 2 күн мурун дүйнө рекордун жаңылаган 15 жаштагы Алина Загитова алтын медалдын ээси болду. Кыска программада 82.92 упайга ээ болгон Алина эркин программасын аткарып 156.65 упайга ээ болду, жалпы эсепте Загитова 239.57 упай менен 1-орунду ээледи.

Алина Загитова эркин программасындагы бийи

Күмүш медалдын ээси дагы бир орусиялык спортчу Евгения Медведева болду. Кыска программада 81.61 упайдын ээси Евгения бул ирет Алина Загитова менен бирдей упайга (156.65) ээ болду. Жалпы 238.26 упай таап, Медведева 2-орунду ээледи.

Евгения Медведева эркин программасындагы бийи

3-орунда канадалык спортчу Кейтлин Осмонд жайгашты. Ал кыска программада 78.87 упайдын ээси болгон. Бул ирет ал 152,15 упайга ээ болуп, жалпы 231.02 упай менен Кышкы Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси болду.

Кейтлин Осмонддун эркин программасындагы бийи

Муну менен Эл аралык олимпиадалык комитетинин желегинин алдында катышып жаткан Орусия курама командасы алгачкы алтын медалына ээ болду. Медалдык эсепте Орусия курамасы 1 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль менен 15-орунда жайгашты.

Көркөм муз тебүү боюнча сыйлоо аземи

Айта кетсек, Алина Загитова жана Евгения Медведеванын машыктыруучусу орусиялык Этери Тутберидзе болот.

Көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Орусия спортчулары буга чейин 4 жолу медалдарды жеңип алышкан. Анда 1984-жылы Кира Иванова коло медаль жеңсе, 2002-жылы Ирина Слуцкая күмүш медаль, 2006-жылы Ирина Слуцкая коло медаль, 2014-жылы Аделина Сотникова алтын медаль жеңип алган.

Ал эми медалдык жарыштын лидерлери Норвегия, Германия жана Канада курама командалары болууда. Норвегия 13 алтын, 12 күмүш жана 10 коло медаль менен 1-орунда, Германия курамасы алтын медалдар боюнча Норвегияга жетип, бирок күмүш жана коло медалдар боюнча артта калууда (13 алтын, 7 күмүш жана 5 коло). Канада курама командасы 3-орунга жайгашты. Анын капчыгында 10 алтын, 8 күмүш жана 9 коло медаль бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TalaCSKA
2018-02-23 14:20:08
Азаматсынар кыздар! Эми хоккейден алтын кутобуз
-1
Alibek-0001
2018-02-23 15:35:48
Медведева женсе жакшы болот эле.. суйуп калдым да ушул кызды
+1
travm
2018-02-23 22:52:43
Алина молодецка
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан