"Мен нааразычылык акциясына чыгып, жол тоскон аялдарга таң калам",- деди президент Алмазбек Атамбаев 12-июнда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына арналган иш-чарада. "Жолду Баатыр энелер тосууда" деп айтып жатышат. Мисалы, мен аларды Баатыр эне дей албайм. Бизде Курманжан датка деген Баатыр эне болгон. Өз уулунун өмүрүнөн элдин кызыкчылыгын жогору коюп, "бир уулумдун айынан бүт элдин азап тартышын каалабайм" деп айткан",- деди президент.
"Ал эми жол тоскондор Баатыр энелерби же ОБОНчуларбы? Аялдарды алдына салып, артына жашынгандарды ким дейбиз? Мырзаларбы? Аялдарга мындай мамиле кылуу туура эмес, аялзаты - ыйык. Кыргыз качан аялдардын артына жашынчу эле? Бул уят!"- деп кошумчалады Алмазбек Атамбаев.