13-июнда саат 9:30да Бишкек шаарынын Бектенов көчөсү-183 дарегинде кант диабети менен ооруган балдар үчүн “Аарылар” аттуу бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстан боюнча кант диабетинин инсулинге көз каранды жолу менен ооруган 250 бала гана катталган. Ачыла турган бала бакчадан балдар эң негизгиси өз маалында аларга туура келген инсулин терапиясын, диабеттерге ылайыкталган тамак-аш комплексин алышат. Ошондой эле аталган бала бакчада балдардын канындагы канттын деңгээлине медицина кызматкерлери тынбай көз салып турушмакчы.