Балдарды оор жумушка тартууга каршы күрөшүү күнүнө карата Ош-Бишкек телекөпүрөсү өткөрүлдү

Бүгүн, 12-июнда Ош шаарында балдарды оор жумушка тартууга каршы күрөшүү күнүнө карата Ош-Бишкек телекөпүрөсү уюштурулду. Иш-чаранын максаты - балдарды оор жумушка тартууга каршы иш алып барган Бишкек жана Ош шаарларындагы бей өкмөт уюмдар, мекеме, фонд, коомдук уюмдар менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы пикир алышууну уюштуруу. Телекөпүрө эки саатка созулуп, кара жумушта иштеген окуучулар менен иштешүү, аларды мектепке кайра тартуу боюнча талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле буга эки аймакта иш жүргүзгөн адистер эмгек тажрыйбалары менен да бөлүшүштү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан