Базар-Коргон районундагы кандуу окуядан оор жаракат алган жабырлануучу Ж.Г. шектүү менен 2015-жылдан бери таарынышып жүргөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
"Шектүү менен жабырлануучу Ж.Г. 2015-жылдан бери таарынышып жүрүшкөн, алардын ортосунда балдары болгон эмес. Шектүү учурда Базар-Коргон РИИбинин убактылуу кармоочу жайында камакта. Анын баш коргоо чарасын райондук сот эми карайт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ал эми Кызыл-Ай айылынын тургундары кылмышка шектүү окуя болгон үйгө буга чейин да келип жүргөнүн көрүшкөн. Алардын айтуусунда жаракат алгандардын бири 6 жаштагы М.М. келиндин иниси. Кырсык болгондо ал уктап жаткан, кылмышкер ага бычак сайып, кийин жуурканга ороп таштап койгон. Коркконунан жана кан жоготуп алсырап үн чыгарбай жаткан баланы окуядан жабыр тарткандардын баарын унаага салып кетишкенден кийин гана кокусунан көрүп калышкан.
Эскерте кетсек, окуя 21-февраль күнү саат 21:30 чамасында Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында болгон. Анда мас абалында мурунку кайын журтуна барган 34 жаштагы Б.Т. аттуу жаран мурдагы аялы 25 жаштагы Ж.Г. аттуу келинди жана анын ата-энесин, 6 жаштагы баланы бычактап, кийин жардамга келген эки кошунасына да бычак сайып салган. Кийин кылмышкер из жашырып качып кетип, эртеси эртең менен кармалган.
Кырсыктын кесепетинен окуя болгон үй ээлеринин коңшусу 33 жаштагы Б.Т. аттуу адам бычактан алган жаракатынан улам каза болуп, дагы 5 адам ооруканага жеткирилген.