ЭЛДИК КАБАР: "Кызымдын күбөлүгүн алмаштыруу үчүн ЖААКка барсам кеңсе буюмдары үчүн 750 сом сурашты" дейт окурман
"Кызымдын фамилиясын өзгөртүү максатында Араван райондук жарандык абалдын актыларын каттоо кызматына кайрылгам. Кызматкерлер айткан 120 сомду банкка төлөп келсем, дагы 750 сом сурап жатышат", - деп жазат бүгүн, 23-февралда окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө WhatsApp аркылуу.
Окурмандын билдирүүсүнө ылайык, ЖААКтын кызматкерлери 750 сом кеңсе буюмдарын алууга жумшаларын айтышкан.
"Мен сыртка чыгып кезек күткөн элден сурасам баары эле 750 сомдон бердик дешти. Мен кызматкерлерден берилген 750 сом үчүн квитанция талап кылганымда айдын аягында отчёттон кийин беребиз дешти. Бул канчалык мыйзамдуу экенин тактоо үчүн бөлүм башчы Жыпар Жалаловага кирейин десем ал ооруп келбей жатыптыр. Документ алуу үчүн прейскурантын сурасам ал жерде эч кандай 750 сом деген жери жок, банкка төлөнүүчү 120 сом гана көрсөтүлгөн. Документтерди 7-февралда тапшыргам, дагы эле ала элекмин. Негизи күбөлүктү алмаштыруу үчүн жарандан канча акча, эмне үчүн алынат? Мамлекеттик каттоо кызматы кеңсе буюмдарын элдин капчыгынан алабы?" - деп суроо салган окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.