Бишкекте 14 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган өрт электр жабдууларынын туура эмес колдонулганынан улам келип чыккан

Буга чейин Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм үйдүн 5-кабатындагы өрттөнүп жаткан батиринен секирип кеткендиги маалымдалган. Көп өтпөй ал Бишкек шаарындагы №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Бүгүн, 23-февралда ӨКМнын маалымат кызматы SUPER.KG порталына батирдеги өрттүн келип чыгуу себебин айтты.

Маалыматка караганда, Түгөлбай-Ата көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн батирдин кире бериши жана ашканасы күйгөн. Тилсиз жоо батирдин 35 чарчы метр жерин жалмап кеткен. Текшерүүнүн алдын ала айтылган жыйынтыктары боюнча, өрттүн келип чыгуу себептери - электр жабдуулары туура эмес колдонулгандыгына байланыштуу.

Өрттөн качып 5-кабаттан секирген өспүрүм көз жумду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
miraiymka
2018-02-23 20:45:33
Батирдин ээси элекр жабдууларын туура эмес колдонушу мумкун эмес болчу ал менин тайэжем болот ото строгая болчу,орт прихожкадагы щиттен чыгыптыр.ким куноолу болот ошондо?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан