Ош облусундагы "Достук" көзөмөл-өткөрүү бекетинде жарым чакырымдык адам тыгыны жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Анын айтымында, мындай абал дайыма болууда, кечинде адам тыгыны 1 чакырымга чейин жетүүдө. "Эртең менен саат 5:00дө келгенбиз, дагы деле кезегибизди күтүп турабыз. Өзбек тарапта каттоодо 6-8 кызматкер отурат, элди күттүрбөй тез-тез өткөрүп жатышат, ал эми бизде каттоодо 2 эле кызматкер отурат. Өзбек тарап акча албай өткөрүп жатышса, биздикилер ар бир адамдан 300-500 сомдон алып жатышат. Биздикилер да каттоо штатын көбөйтүп койсо мындай тыгындар болбойт болчу", - дейт окурман.
Эске салсак, бир ай мурун Өзбекстандын тургундары Кыргыз-Өзбек "Достук" чек ара өткөрүү бекетинде кезек күтүү көйгөйү жаралгандыгына нааразы болушкан.
Кыргыз-Өзбек "Достук" чек ара өткөрүү бекети өткөн жылдын сентябрь айында ачылган. Анда эки өлкөнүн жарандары чек арадан өтүү үчүн кошумча документтерди даярдабай тургандыгы белгиленген.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.