Бишкек мэриясынын Жарнама департаменти менен “Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы эскирген жана мыйзамсыз илинген көрнөк-жарнактарды алуу боюнча дагы бир рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди. Анда Юнусалиев, Ибраимов, Сухэ-Батор, Курманжан датка, Жибек Жолу, Элебесов көчөлөрүндөгү талапка жооп бербеген 26 даана көрнөк-жарнак бирдиги алынып салынды.