Бүгүн, 12-июнда президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына арналган иш-чарада Кыргызстанда акыркы кездерде болуп жаткан окуялар кыргызстандыктарды бир топ ойго салганын айтты. “Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы окуялар, өлкөбүздүн түштүгү менен түндүгүн байланыштырган жападан жалгыз Бишкек – Ош жолунда болгон окуялар кайсы бир күчтөр өлкөнү апаатка, баш аламандыкка түртүп жаткандыгын таасын көрсөтүп койду. 2010-жылдын апрелинде өз элин атууга буйрук бергендер, 2010-жылдын июнунда элди кагыштыргандар кайрадан көксөөсүн кандыргысы келип жатат, аларды өз учурунда токтотуу зарыл, ал бузуку аракеттер эмнеге алып келерин биз так билишибиз керек. Мунун баары өлкөнү бөлүп-жарып, тынчтыкты жана бейпилдикти бүлүндүрүүгө, жаңы тирешүүлөрдү жаратып, жаңы курмандыктарга алып келиши ыктымал”,- деди мамлекет башчы.
Ошондой эле президент акыркы окуялардын уюштуруучуларын, алардын артында тургандардын ысымдарын билерин айтты. “2010-жылдын июнундагыдай эле алар бир сценарийдин негизинде аракеттенип жатышат. Алар Кыргызстанды талкалап, бүлүндүргүсү келүүдө. Өлкөбүздүн келечегине карата ишенимибизден ажыратып салгысы бар”,- деди өлкө башчы. Сөзүнүн жыйынтыгында президент бардык кыргызстандыктарды тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого чакырды.