“3 жыл мурун өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиев “Атамбаев кыйратуучу, а мен жаратуучумун” деп үн ката баштады. Силер Максим Бакиев түзгөн “Кумтөр” боюнча келишимди карасаңар, ал кудайдан да корккон эмес”,- деди бүгүн, 12-июнда Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун башталышына арналган иш-чарада президент Алмазбек Атамбаев. Ал премьер-министр болуп турган кезде, 2007-жылы “Кумтөр” боюнча келишим даярдап баштап, бирок өкмөт башчылык кызматтан кеткендигине байланыштуу аны аягына чыгарууга жетишпей калган. “Мен даярдаган келишим менен М.Бакиевдин командасы даярдаган келишимдин ортосунда олуттуу айырма бар. Бакиевдер даярдаган келишим Кыргызстандын пайдасын көздөгөн эмес. 2009-жылкы келишимде “Центеррага” кошумча 16,5 миң гектар берилип жатат. Ал жерде баланстык алтын 40 тонна, ал эми иш жүзүндө алтындын көлөмү 100-200 тонна же бир канча миллиард доллар болгон. 2009-жылы "Кумтөр" боюнча келишимди парламент бекиткенден кийин Максим Бакиев өзүнүн биринчи миллиард доллары менен Москвада казинодо майрамдаган. Орусча бир гана нерсе айта алам, “Не дождутся!”,- деди мамлекет башчы.