Анжелика Бекболиеванын жолдошу менен ажырашуу тууралуу жазган арызы 6-мартта каралат

Ырчы Анжелика Бекболиеванын жолдошу Урмат Бекболиев менен ажырашуу боюнча жазган арызынын негизиндеги соттук отурум 6-мартта өтөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ырчынын ажырашуу тууралуу жазган арызы Биринчи Май райондук соту тарабынан 6-март күнү каралат.

Эске салсак, Бекболиева ажырашуу тууралуу арызын өткөн жылдын декабрь айында жазган. Биринчи соттук процесс 2017-жылдын 20-декабрына белгиленип, ага Урмат Бекболиев келбей койгонуна байланыштуу кезектеги соттук кароо 29-январга белгиленген. Бирок Биринчи Май райондук соту соттук отурум белгисиз мөөнөткө жылдырылганын билдирип, анын себебин түшүндүрүүдөн баш тарткан.

Айта кетсек, ырчы жеке ишкер Урмат Бекболиевге 2006-жылы турмушка чыккан. 10 жылдан ашык убакыт биргеликте түтүн булаткан түгөйлөр 3 кыздуу болушкан. Ырчы SUPER.KG порталына 11 айдан бери жолдошу менен чогуу жашабай калганын билдирген.

Анжеликанын жолдошу менен ажырашуу боюнча арызы 6-март күнү сотто каралат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
saza20
2018-02-26 13:13:07
уул тороп алса жакшы болмок. уч кызды жакшы адептуу ыймандуу кылып эрезеге жеткирип турмушка берсе, бейишке деген соз уккам. Кыздарга башка ата боло албайт. Урмат деле башка аял алса ошол эле жашоо отот. биринчи аялынан кыздары азыркысынан делип эки ата эки эне толук эмес уй-булоо куралат. Чыныгы эркектик мунозун коргозуп Урмат ажырашпайм. Анжелика сени сыйлайм кечир десе экен. Жашап кетишсе экен.
+7
saza20
2018-02-26 13:14:11
Сот деле ажырашкыла дебейт эч качан жараштырат. Сот залынан кол кармашып чыгып 8-мартта чогуу майрамдашса экен.
+11
saza20
2018-02-26 13:19:08
Урматты да жолдон азгырып бир шайтан канчык адаштырып журот да уй-булоо бузуку. Азыр уй квартира алдырып бай уй-булолуу эркекке кызыккан жаш кыздарыбыз кобойдуго. Экинчи токолу болуп жашайбы же бала-чакасына карабай тартып алам же озун гана ойлоп максатына жетуу учун уй-булоо бузган жаш кыз-келиндерибиз кобоюп толуп кетти
+2
aisu12345
2018-02-26 13:20:08
Чын журоктон баарибир Анжэлика общий кыргыздын энеси болсо дагы
+8
Acord
2018-02-26 14:54:10
Ажырашкандан экоон тен пайда таппайсынар жарашып эле алгыла ортодогу балдарды кыйнабай
+4
KGstan1981
2018-02-26 16:10:57
Санта Барбаранын жаны сезону дагын башталды окшойт))))
+7
G.Bale
2018-02-26 18:11:51
Сериал учунчу сезонун улантууда, в главный ролях "Анджелика".
+6
mirlan_86
2018-02-26 18:31:08
ЗБ кылдыго ушу Анжелика деген
+4
elya1973
2018-02-26 18:51:05
Rolly сиз туптуура жазыптырсыз сизге 100 процент кошулам табалаган эмес бирок ушундай болмок
+1
love.me.again
2018-02-26 21:59:10
Айчурок куноолумун эмес анткени Анжи озу айткан акыркы беш жыл олку солку жашадык деп. А баягы суротторду жакында эле чыкпадыбы. Урматка боорум ооруйт да. Убактысын бекер коротту.амжелика уйго гулум батпай калды деп аткан. Озу бактысыз болсо жон эле журсо болмок бактылуумун деп калп эле
+2
boris8907
2018-02-26 23:31:23
Бул жанылыкты шоу бизнес жанылыктарына кошпойсунарбы админ. Бизге кандай кызыгы бар Анжеликанын жашоосунун. Же пиар кылгыла деп оозунарды майлап койдубу?
+2
madina.87
2018-02-26 23:49:25
Чын айтсам жададым ушу кыздан
+3
G.Bale
2018-02-27 03:18:34
madina.87, Бут Кыргыз эли тажадыго мындан.
+1
simone
2018-02-27 12:14:56
Жарашып жашагыла, мен ошону гана тилейм!
0
jbolotov
2018-02-27 15:35:27
Эх Анжеликааа, сулуу кыз, бирок имиштери, казактар тартып алган видеосуда бар имиш дешетко. Аялындын жургон турганы ото так болуш керек, шектуу болгон аялды, чыгармачылык деп бироолор менен кеткен аялды эчак кетириш керек болчу. Урматынада баарыбир экен деп калдык эле.
0
aiman1983
2018-02-27 17:46:34
Башка бироонун уй булоосу чытырман токой. Жашоо аларга гана тиешелуу, сериал, жадатты, тажатты дебей кызык эмеспи, окубай отуп кете бергиле. Ар ким оз уй булоосун бекемдей берсин, акылдуу боло бербей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан