12-июнда Жалал-Абад облусундагы Сузак районуна караштуу Топурак-Бел аймагында 2010-жылы Июнь окуясындагы массалык башаламандыкта каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болду. Ага ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов, өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Жусубали Төрөмаматов, облус прокурору Кылычбек Токтогулов, “Санпа шейиттери” коомунун мүчөлөрү, ошондой эле каза болгондордун жакындары, туугандары катышты. Иш-чарада каза болгондорго багышталып куран окулду.