"Борбордо маршруттук каттамдар канча убакытта бир жүрүш керек? Арча-Бешик конушунда эл ташуучу унаалар аз дегенде 40 мүнөт же 1 саатта бирден жүрүшөт" деген суроосун окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабар" рубрикасына жиберген.
"Биз Арча-Бешик конушунда жашайбыз. Күн сайын эртең менен жумушка баруу үчүн аялдамага чыгып, №130 жана №260-маршруттук каттамды аз дегенде 40 мүнөт же 1 сааттай күтөбүз. Мындан улам жергиликтүү тургундар бир нече жолу аталган каттамдардын башкармалыгына арыз менен кайрылганбыз. Эч кандай жыйынтык чыккан жок. Андыктан шаарда маршруттук каттамдар канча убакытта бир жүрүш керек жана эртең менен саат канчадан, кечки саат канчага чейин жүрүүгө тийиш экенин билгибиз келет", - деген окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.