Бишкек жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 13-июнда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги 3-кичи райондун бир бөлүгүндө, Логвиненко, Жибек Жолу көчөлөрүндө, Жал кичи районунун бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, ушул эле убакытта Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын бир бөлүгүндө, Панфилов, Национальная айылдарында, Жайыл районуна караштуу Кара-Төбө, Калдык айылдарында, Кара-Балта шаарынын бир бөлүгүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Өчүрүүлөр тиешелүү жабдыктарды оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан