ЭЛДИК КАБАР: "Үйүбүздүн жер төлөсүндө жашаган УКМКнын кызматкерлери менен пикир келишпестиктер көп болуп жатат" дейт окурман

Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсүнүн 47\1 үйүнүн жашоочусу "үйүбүздүн жер төлөсүндө жашаган УКМКнын кызматкерлери менен пикир келишпестиктер көп болуп жатат" деген билдирүүсүн SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө жөнөткөн.

Анын айтымында, ал жашаган 5 кабаттуу үйдүн жер төлөсүндө УКМКнын кызматкерлери жашайт. Бирок алар үйдүн канализациясын тазалоого жана ар кандай оңдоо иштерине башка тургундардай болуп акча чогултуп беришпейт.

"Биз жашаган үй мурун жүндөн кездеме токуучу комбинатынын жатаканасы болчу. Кийин менчиктештирилген. 2005-2006-жылдары үйдүн жер төлөсүн бирөө сатып алган. Жер төлөдө азыр 20га чукул бөлмө бар. Баарында адамдар жашайт. Биздин угушубузча, алар УКМКнын кызматкерлери. Электр энергиясы, канализация беш кабатка эле ылайыкташкан. Газ жок болгондугуна байланыштуу баарыбыз электр энергиясын колдонобуз. Ошондон улам электр мамычалары байма-бай жарактан чыгат. Канализация да бат-баттан толот. Аны тазалоо үчүн жашоочулар 4000 сомдон чогултабыз. Жер төлөдө жашагандар 1 сом да беришпейт", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kechirmeni
2018-03-02 09:48:38
Алардыкы ак бекен, беришсин эл катары
+5
Kojo1995
2018-03-02 23:35:35
Жер төлөө деген эмне?
-1
yrchy_jigit
2018-03-13 09:35:25
Kojo1995,подвал
0
dastan.bujun
2018-03-02 09:59:22
Негизи мыйзам боюнча жер толо подвал да жашаганга болбойт го неге алар ал жакта жашайт
+4
ashamkan
2018-03-02 10:13:48
Эми силерди УКМК уйунордон кууп чыкпаса эле болду
+3
altyn7776
2018-03-02 11:13:45
УКМК уят. Кокуй, башка элдер укпасын, бийлик чу десе ала кучуктой болуп чуркайсынар, анан жашаган жеринер жер толо. Баракелде бийлике!
+2
amirrus
2018-03-02 12:15:04
крысалар подвалды жакшына ондоп алышыптыр ,жашагандан кийин тологуло да ,баары эле УКМК болбосо керек туугандар алар андай жерде жашабаааайт...
+5
aidk80
2018-03-02 21:01:22
Ошол уйлор менчиктештирилгенде подвалы УМИнин балансында болгон да ,ошончо карапайым элдин макулдугу жок УКМКга кандайча сатылып кеткен?Ким аркылуу сатылган?Бакыйган мекеменин ушул кичинекей подвалга куну тушуп калганга жол болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан