ЭЛДИК КАБАР: "Казакстанда 14 Кыргыз жараны бара жаткан автобус жол кырсыгына учурады" дейт окурман

Казакстанда 14 Кыргыз жараны бара жаткан автобус жол кырсыгына учурады, жаракат алгандар да бар. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"25-февралдан 26-февралга караган түнү Казакстандын Ак-Төбө облусунун Храмтоу айылында автобус жол кырсыгына учурады. Ичинде болжолдуу 55 адам болгон, алардын арасында 14ү Кыргыз жараны, калганы Өзбекстандын жарандары болушкан. Ал автобус Чымкенттен Краснодар шаарына бара жаткан. Биз жолдон жеңил унаа менен өтүп бара жатып көрдүк, арасында жаракат алгандар да бар экен", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан