Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова баласын ичке тепкен жаран тууралуу окуяны эскертти. "Баланын энеси тосмо арыз жазганы белгилүү болду эле. Эми кандай иштер жүрөт?" - деп сурады.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев бул окуя боюнча тосмо арыз жазган аялды энелик укуктан ажыратуу маселесин көтөрүп жаткандарын айтты.
“Тосмо арыз жазган баланын апасын энелик укуктан ажыратуу керек. Чоң кишилер өз ара маселелерин чечип алышат. Балдардын укугу корголбой жатат. Мыйзамга тийиштүү өзгөртүү киргизүү керек. Балдарга карата зомбулук болгондо тосмо арыз кабыл алынбашы зарыл. Балдарга зомбулук көрсөткөндөр жазасыз калбаш керек. Жок дегенде 1000-2000 сом айып пул төлөш керек”, - дейт акыйкатчы.
Махабат Мавлянова акыйкатчынын пикирине кошулбай турганын белгиледи. “Мен сиздин пикириңизге кошулбайм. Терең изилдеп чыгуу керек. Мүмкүн энелерди коркутуп тосмо арыз жаздырышат”, - деди депутат.
Анда Кубат Оторбаев бул маселени дагы изилдеп чыга турганын айтты.
Айта кетсек, өткөн жылдын 2-декабрь күнү интернетке Бишкекте эркек кишинин жерде жаткан кичинекей баланын белине тээп жаткан видеосу жарыяланган. Бул окуя социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, ошол эле күнү кичинекей баланы тепкен адамдын кармалганы тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө ал баланын атасы экендиги аныкталган. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту баланы тепкилеген атаны убактылуу кармоочу жайга 2 айга камакка алган. Ал эми ушул жылдын январь айында ага карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, эркиндикке чыккан.