Күрөш боюнча Азия чемпиондугуна катышууга 18 өлкөнүн спортчулары келди

Бүгүн, 27-февралда Бишкек шаарында старт ала турган күрөш боюнча Азия чемпиондугуна 18 өлкөнүн спортчулары келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарына Ооганстан, Бахрейн, Кытай, Индия, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Казакстан, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Монголия, Палестина, Катар, Тайбэй, Таиланд, Түркмөнстан жана Өзбекстандын спортчулары келди.

Айта кетсек, күрөш боюнча Азия чемпиондугу Бишкекте 27-февралдан 4-мартка чейин өткөрүлөт. Анда Кыргыз өлкөсүнөн медалдар үчүн жалпы 25 спортчу күч сынашат. Аталган мелдеште жалпы 30 медалдар топтому ойнотулат.

Ал эми көрүүчүлөр үчүн кирүү акысы 350 сомду түзөт.

Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия чемпиондугу Бишкекте
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
uran98
2018-02-27 12:03:41
Тактап айтып койсоңор
Ким ким катышат Биздин намысты коргоп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан