Жакында Кыргызстанга ЕКПА "демократия боюнча өнөктөш" деген статус берет
12-июнда премьер-министр
Жантөрө
Сатыбалдиев Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын эксперт-баяндамачысы Мевлют Чавушоглу менен
жолугушту. Жолугушууда Кыргызстанга ЕКПА алдында "демократия боюнча өнөктөш" статусун берүү
тууралуу маселе талкууланды. Премьер-министр аталган статусту алууга негиз бар
экендигин билдирсе, Чавушоглу Кыргызстанга жакынкы арада
ЕКПАнын "демократия боюнча өнөктөш" деген статус берилерин белгиледи.